Мектептик медиа бурч

Описание к видео Мектептик медиа бурч

«ММК Колдоо Борбору» Фонду мектептер арасында өтүүчү «Мыкты медиа бурч» сынагын быйыл да, тактап айтканда үчүнчү ирет уюштурарын жарыялады. Бул саамалыктан кабар тапкан мектептик медиа бурчтарды түзүүгө, сынакка катышууга кызыктар мугалимдер менен окуучулардан биздин дарекке арбын суроолор келе баштады.

«Мен медиасабаттуумун!» аттуу эки айлык вебинарлар сериябыздын 21-сентябрь күнкү чыгарылышда жогорудагы жагдайды эске алып, мына ошол мектептик медиа бурчту түзүүнүн, ал бурчтун атынан сынакка катышуунун жол-жобосун көрсөтүп беребиз. Мындан тышкары өткөн жылы бул сынакта ийгиликке жетишкен мектептердин медиа бурч боюнча жооптууларын да чакырдык.

Анда эмесе, саат 19:00 дө төмөнкү шилтемелердин бири аркылуу вебинарга жигердүү катышып, суроолоруңуздарга жооп алууга ашыгыңыздар:

#Мен_медиасабаттуумун
#Mediasabak

   • Мектептик медиа бурч  

  / 4678921225452165  

Комментарии

Информация по комментариям в разработке