Бегиш - Саясат

Описание к видео Бегиш - Саясат

Apple Music: https://apple.co/3olJbyN
Көчүрүү: https://songwhip.com/begish/sarsat

♪ Бегиш - Саясат

✔ Каналга кошулуңуз: http://bit.ly/3r1iEsp

Запись: Zamanbap records
Сведение: Эрнест Жоошев
Музыка: Adilla beatz
Оператор, монтаж: Анвар Халмурзаев
Жардамчысы: Жолдош Шакиралиев
Субтитры: Dilya Boronbaeva / Infinity Music
Фотограф: Ренат Торомамбетов
Клиптин администратору: Самат Алмазбеков
Сценарийси: Бегиш
Башкы ролдо Бегиш, Болот Ибрагимов

Текст:

Кара оюң сени каптап алган
Айткан сөзүн жалган
Канча адам добуш берип
Сага өз үмүтүн салган
Кээбирлерин сатып алдың
Тактыга отуруп калдың
Аяп койчу ымыркайды
Аябасаң дагы чалды
Мен сени жаман көрүп
Өз курсагымды ойлобойм
Урмат үчүн, хайп үчүн эмес
Мен оюнуң ойнобойм
Болгону элдин пикирин
Айтам салып обонго
Кичинекей Кыргызстандын
Келечегин тонобо

Башың менен Кара жерге кир
Каргышы тийсин элдердин
Арамга тойгон курсагын
Жеп жатып жаттын эмгегин
Өзүңдөн чыккан токуңду
Өзүңө саттын кымбаттан
Чет жактан келген сомуңду
Чөнтөккө каттын бир паста
Ызы чуу болгон чек араң
Кысылып турат эл араң
Жардамын берген тешиктен
Желбиреп өтөт жел араң
Көрүнбөгөн илдет жоо менен
Доктурлар араң күрөштү
Бийлики бар адамдарын
Кыйратып экрандан сүйлөштү

Жол салсаң да жейсин
Үй салсаң да жейсин
Көп салсаң да жейсин
Аз салсаң да жейсин
Жер сатсаң да жейсин
Газ сатсаң да жейсин
Алтындарым дейсиң
Алтындарым дейсиң

Бет кабыл жок дарыгерлер
Ооруу жугузуп жүдөштү
Айлыктары 500 жүз сомго
Көбөйүптүр деп түнөштү
Чет жакта калды жарандар
Мекенин жапты эшигин
Вокзалда жатты араңдап
Кирерге таппай тешигин
Сен менен анын ою жок
Чөп жеген анын кою ток
Боорукер эмес акылы
Жаш бала анын ою шок
Видеого тартып тараткан
Активисттердей жоксунбу
Урсунчу сени жараткан
Арамдарды жеп токсуңбу

Жол салсаң да жейсин
Үй салсаң да жейсин
Көп салсаң да жейсин
Аз салсаң да жейсин
Жер сатсаң да жейсин
Гас сатсаң да жейсин
Алтындарым дейсиң
Алтындарым дейсиң

Араңарда барбы?
Азаматтар алгыр
Уурдалганды алып
Казынага салгыр
Качан тиет күнүң
Же жай береби жамгыр
Кууруп бүттү кыргыз
Татаал экен тагдыр

#Бегиш #Саясат

▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬

✔ По запросу сотрудничества и PR. ✉ [email protected]

✔ Also you can contact about cooperation and
PR. ✉ [email protected]

© ℗ All rights reserved. Music and Video are Copyrighted

Комментарии

Информация по комментариям в разработке