"Крокус": шектүүлөр эки айга камакка алынды - BBC Kyrgyz

Описание к видео "Крокус": шектүүлөр эки айга камакка алынды - BBC Kyrgyz

Москванын Басман райондук соту чыгарган чечимге ылайык, шектүүлөр Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализода, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридуни 22-майга чейин камакта болот.
Райондук соттун басма сөз кызматы Мирзоев менен Рачабализода күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын билдирди. Сот залында тартылган видеодо, төртөөндө тең ур-токмоктун ачык белгилери байкалып турат. Биринин башы таңылса, дагы бири коляска менен сотко жеткирилген.

Инстаграм:   / bbcnewskyrgyz  
Вебсайт: https://www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук:   / bbcnewskyrgyz  

Комментарии

Информация по комментариям в разработке