Тата Улан - Келатат Жаштар (26.08.2019ж)

Описание к видео Тата Улан - Келатат Жаштар (26.08.2019ж)

OFFICIAL CHANNEL OF TATA ULAN


Автордук укуктар корголгон! #kelatatjashtar

Инстаграмм - https://www.instagram.com/_tata_ulan_...


Келатат жаштар ©

Отуз жыл сыздаттың элимди,
Сызыктай куурудуң сезилди!
Сыдырып май баскан, көзүңдү,
Күзгүдөн карасаң өзүңдү.

Элимдин ыйынан ичкенсиң,
Элимдин сыйынан кеткенсиң!
Отуз жыл эмнени кыйраттың,
Элимди талаага тентиттиң!

Элиңдин байлыгын бүт саттың!
Балаңдын мекенин кыскарттың!
Мөңгүнү сатканда муздаттың,
Эмне дейт чөбөрөң акмактын.

Бийлигиң эмне мынча ширин,
Жүрөгүң каптап кеткен ириң!
О пенде оңолбосоң болбойт,
Тозогуң акыретте тойбойт!”

Байлыгың, бул дүйнөдөн кетпейт,
Акылыңа кантип ушу жетпейт.
Меники”- деп карганасың өзүң,
Сеники он үч метр кепин.

Карасаң, келатат артыңан,
Келатат жаштардын заманы.
Бакубат каарылык кааласаң,
Алыска таштагын арканды.

***
Келатат жаштар, келатат!
Элиңдин эсебин жебеген,
Келатат жаштар, келатат!
Намыстуу шерлериң, керилген!

Келатат жаштар, келатат!
Замандын ташына курчуган.
Келатат жаштар, келатат!
Айкөлдөр кыраандар келатат!


Келатат жаштар, келатат!
Элиңдин эсебин жебеген,
Келатат жаштар, келатат!
Намыстуу шерлериң, керилген!

Келатат жаштар, келатат!
Замандын ташына курчуган,
Келатат жаштар, келатат!
Чыдай тур! Артыңан келатат!

Келатат, келатат, келатат!!!

26.08.19

Комментарии

Информация по комментариям в разработке