«Кеталбай жүрөм» БЕК БОРБИЕВ 2023

Описание к видео «Кеталбай жүрөм» БЕК БОРБИЕВ 2023

Сүрөтүң кана
Көлдүн жээгин бойлогон
Ар бир мүнөт мени сүйүп
Мени ойлогон
Сүрөтүң кана
Толкун менен ойногон
Күлкүң кана шыңгыр булак
Мен сүйүп тойбогон
Ошентип мен уктап ойгоном

Кайырма:

Мен сени сүйөм
Мен дагеле сени сүйөм
Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун
Айланып жүрөм
Мен кеталбай жүрөм
Мен сени келет деп жүрөм
Ыраа көрбөй сени башкага
Кыялбай сени башкага
Мен сени сагынып күтүп жүрөм

Көздөрүң кана
Көктөм жаздай жайнаган
Жүрөк туйлап бир караштан
Сезим кайнаган
Сөздөрүң кана
Мени жипсиз байлаган
Балыкчынын шамалындай
Жүзүм аймаган

Комментарии

Информация по комментариям в разработке