Нарын: ирилештирүүдөн кийинки ири иштер

Описание к видео Нарын: ирилештирүүдөн кийинки ири иштер

Нарында жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы менен дубандын көптөгөн жылдар бою чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери четинен чечилүүдө. Реформанын жыйынтыгында 113 млн сом үнөмдөлүп, кыскартуудан кийин 27 айыл өкмөткө кызматтык унаалар жана 10 млн сомдон акча берилген. Бул каражатка облус аймагындагы көпчүлүк айылдар техникаларын жаңылап алды. Ар түрдүү айыл чарба багытындагы 44 жаңы техника алынып, калк кызматына иштей баштады. Ошондой эле айрым айыл өкмөттөр бөлүнгөн суммага ишкана ачып, базарларды куруп жатышат.


Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз

Facebook -   / utrkkg  

Youtube (УТРК) -    / @utrkkgchannel  

Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...

Телеграм - https://t.me/ktrk_live

Комментарии

Информация по комментариям в разработке