Пайгамбар урпагы Ахмад Бадавий ким болгон?

Описание к видео Пайгамбар урпагы Ахмад Бадавий ким болгон?

Саййид Ахмад Бадавий ким болгон(1200-1276)
Пайгамбарыбыз САВ айтты: “Аалымдар менин мураскорум!”
“Бейиштеги хурилерден башка аялдарга үйлөнбөйм!”-деп убада берген аалым тууралуу уктуңуз беле? Ооба. Бүгүн биз аалым, олуя көптөгөн кереметтердин ээси, Саййид Ахмад Бадавий тууралуу баяндайбыз!
1200-жыл. Фаста же болбосо азыркы Мароккода төрөлгөн. Атасы Али бин Ибрахим, апасы Фатыма бинти Мухаммад. Ахмад Бадавий Хасан жана Хусайн РАлардын урпагы болуп саналат. Анын ата-бабалары 692-жылы Арабистандагы баш аламандыктардан улам Мароккого көчүп кетишкен.
Ал Ислам ааламынын улуу аалым, олуяларынан болуп саналат. Узак убакыт тамак жебей жашап жүрө берген олуя. Баатыр, коркпос, тайманбас бир зат эле. Толук аты Абул Фитйан Ахмад бин Ахмад бин Ибрахим ал-Фасий, Ал-Бадавий.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке