Таттыбүбү менен Болоттун сүйүүсү

Описание к видео Таттыбүбү менен Болоттун сүйүүсү

Көзү өткөндөр даңкталмайынча, тирүүлөр баркталбайт. Бул учкул сөздү, кыргыздын сыймыгы болгон театрдын жана кинонун унутта калып жаткан актерлору жөнүндө сөз болгондо эстейбиз. Кыргыз керемети, деген ат менен дүйнөгө таанылган 60-70 жылдардагы биздин өнөр ээлеринин айрымдарын, тасмалардан гана көрөбүз. Алардын талантына таазим кылып, ысымдарын түбөлүккө калтыруу маселеси ондогон жылдардан бери чечилбейт. Таттыбүбү Турсунбаеванын көзү өткөнүнө 33 жыл болсо дагы, аны эл унута элек. Бирок, анын көрүстөнү кайда экенин үй-бүлөсүнөн башка эч ким билбейт. Залкарлардын сөөгү коюлуучу "Ала-Арча" комплексинен, убагында Таттыбүбүгө орун табылган эмес, анткени, ал болгону "эмгек синирген артист" болчу. Ал эми, азыр, "Эл артисти" наамын алып жүргөндөрдүн жарымын көпчүлүк тааныбайт. Кыргыз өңү - Сүймонкулдун өңүндөй демекчи, Чыңгыз Айтматовдон кийин эле, элибизди дүйнөгө тааныткандардын бири Сүймөнкул Чокморов болчу. Көзү өткөнүнө 20 жыл болсо дагы, анын айкели орнотулбай, анын кыл калеминен жаралган жүздөгөн сүрөттөргө имарат табылбай келет. ***Идеологиялык кризис басып турган, кезде, жаш муунга үлгү болчу Сүймөнкулдан башка каарманды табуу кыйын. Жаш жигиттерибизди, кээде, кыркка чыккан казылуу кишиден, кээде болсо, тал чыбыктай солкулдаган кыздардан айрымалай албай калган чакта, Чокморов жараткан образдар аларды, мүмкүн, сактап калаар. Унутта калган актерлордун арасынан, Болот Бейшеналиевди дагы айтпай кетсек болбойт. Боюна жараша ою дагы бийик бул адамдын жеке тагдыры кыйын болгонун көпчүлүк билбестир. Көзү өткөнчө, сыры кетсе да, сыны кетпеген Болот Бейшеналиевди көпчүлүктүн эсине салып турчу бир дагы көчө, эстелик жок. Бул сюжет - тирүүсүндө өзүбүз барктай албай, кеткенден кийин даңктай албай калган инсандарыбыз жөнүндө...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке