Садыр аке. Олуя, даанышман...

Описание к видео Садыр аке. Олуя, даанышман...

Тарбиялуу тарыхка назар салсак, колонизаторлор дайыма өткөн муун менен келечек муундун ортосун тосмо коюу аркылуу өз идеологиясын сиңирип келген. Өтмөн муун дегенде кимдер алар? Нагыз көчмөн мүнөзүнө ээ, Ислам динин туу тутунган, илимдүү-билимдүү, даанышман, көрөгөч, жолборстой жолунан, илбирстей изинен кайтпас аталар! Бул аталар менен байланышты үзбөй туруп элди баш ийдирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан 70 жыл бою өтмүштөгү аталарыбыз эл душманы, басмачы, караңгы деп сүрөттөлүп келди. Булардын бирөөсү көлдүн акелери. Булар кимдер эле?
1. Мойт аке (1745-1843) – олуя, дабагер, мүнүшкөр, саяпкер адам болгон.
2. Сарт аке (1780-1865) – «акыл ээси» деп аталып, хан, бийлердин кеңешчиси болгон.
3. Тилекмат аке (1800-1863) – бугу уруусунан чыккан даанышман элчи.
4. Садыр аке (1821-1905) – кара кылды как жарган калыстыгы менен белгилүү болгон бий.
5. Кыдыр аке (1843-1926) – акелердин эң кенжеси.
Өткөн чыгарылышыбызда Мойт акени баяндаганбыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда кара кылды как жарган калыстыгы менен белгилүү болгон, көрөгөч, даанышман, стратег, ажы Садыр аке Жолболду уулу туура сөз кылмакчыбыз! Даяр болсоңуздар тарыхтын дагы бир каалгасын биргеликте ачалы!
Даанышман, адилеттүү
САДЫР АКЕ

Комментарии

Информация по комментариям в разработке